www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Тажикстан тараптан куралдуу күчтөр колдонулган эмес. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.

Анын айтымында, жаз мезгилинде чек ара чыры чыккан.

«Ал убакта куралдуу күчтөрдү колдонуу туура эмес болмок. Анда куралдуу кагылышуу болмок. Тажикстан куралдуу күчтөрүн колдонгон эмес. Эгерде коңшу мамлекеттин куралдуу күчтөрү колдонулса, биз өзүбүздүн күчтөрдү колдонууга укугубуз бар болчу. Биз тараптан ИИМдин, УКМКнын Чек ара кызматынын күчтөрү колдонулду», - деди Кирешеев.

Анын айтымында, Тажикстанда чек арачылар куралдуу күчтөргө кирбейт.

Жаз мезгилинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости