www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы аесуз күрөшүү тууралуу айткан пикири элге дем-күч берди. Ал ортодо салык кызматында иштеп жаткан паракорлор, бир канча укук коргоо органдары коррупция боюнча кармалды. Бирок, чоң-чоң коррупционерлер азырынча камакка алына элек. Угушубузга караганда апрель айынан кийин кулкуну чоң ууруларга тор ыргытылаары күтүлүүдө.

Коррупция менен аесуз күрөш башталса, анда кылыгы күчтүү, былыгы көп Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге дагы укук коргоо органдары көңүл бурушу керек.

Анын мамлекетти кымырып тоногон кылыктары толтура. Ушул убакка чейин мурдун балта кеспей, бир ордунан былк этпей келе жатат. "Мен, Оштун чыныгы кожоюнумун",-деп ойлоп алса керек. Өзүм билемдик менен каалагандай уурдай баштады. 
Мисалы, 2010-жылдагы коогалаңдан жабыркагандарга мамлекеттик дирекция тарабынан курулуп берилген көп кабаттуу үйлөрдүн 360 (үч жүз алтымыш батир) ашып калган батирди мамлекет Ош мэриясынын балансына өткөрүп берген. Аны Ош шаардык мэриясы ипотека жолу менен сатып баштаган. Сатуудагы баштапкы взностон болжолдуу 170 миллион сомдун тегерегинде каражат чогулган. Бирок, ушул күнгө чейин ал каражат шаардык бийликтин бюджетине түшө элек. Муну текшерген, Айтмамат Кадырбаевди кой-ай деген кожо жок. Ал каражаттар азыр кайда кармалып турат, кимдир бирөөнүн бизнесинде айланып жатабы деген суроолор бар.

Мындай кылык-жоруктар Айтамат Кадырбаевде абдан көп. Президент коррупцияны дал ушул Айтмамат Кадырбаевден баштаса дурус болмок.

Айтмамат Кадырбаевдин ушул күнгө чейин чоң суммадагы акча каражатын шаардын пайдасына иштетпегени таң калдырат.

Маалымат Фейсбук баракчасынан алынды

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2072409059705313&id=1892634674349420

Булак: NazarNews.kg

Последние новости