www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Моюнга алганда кайгылуу, бирок чынын айтканда: "эч ким менен жолуккум келбейт", - деп айтканда эч ким ишенген эмес. Себеби ар дайым жанымда жигитим бар болчу.

Эсимде, жайдын ысык күнүндө бассейнден чыгып, курбу кызым менен сырдашканым. Денем суу боюнча шезлонгдо денемди карап жаткам. Бошоно албай жүргөн кайталанма мамилем жөнүндө ойлондум. Стресс, кубаныч, ачуулануу, азап, бакыт, кайгылуу аягы – мунун баары менин психикама таасир берет. Мунун баарынан тажап бүттүм.

 Жалгыз болом деп өзүмө сөз бердим. Жашоомдо биринчи жолу эч кимди кошпой план түздүм. Бир жыл, 12 ай, 365 күн чыныгы жалгыздык.                       

Жалгыз болуу – эң маанилүү. Мен жалгыз гана болгонду үйрөнбөй, жалгыздыктан ыракаттанганды үйрөндүм. Бул өтө маанилүү болчу. Жараланган жүрөгүмдү көркөм чыгармага айланттым. Бул убакытта ички туюмумду укканды үйрөндүм. Жаңыдан жалгыз калганда айла жок көнгөнгө туура келет, кийин мындан ыракат алып баштайсың.                       

Сүйүү романтикалык мамилелер менен гана чектелбейт. Менде эч кандай сүйүү калган жок деп ойлогом. Менде ачуулануу менен жек көрүү гана калган, буга сүйүү күнөөлүү деп эсептечүүмүн. Бара-бара сүйүү баардык нерседе болоорун түшүндүм: жакшы көргөн китебиңде, эртең мененки чуркоодо, таңкы кофеде, досторуңда, үй бүлөдө, эң башкысы өзүңдө.                       

Эркектер сени менен "болуш" үчүн эмнени гана айтышпайт. Ар бир баланын өзүнүн амалы бар. Жалгыз болгондо ким сени чындап билгиси келет, ким "жатыш" үчүн мамиле курганын айырмалай алып каласың. Интуицияны угуш керек. Жалгыз эс алган жаман деле эмес. Жалгыздыктын дагы бир жакшы жагы – жалгыз эс алуу. Эмнени көрөөрүмдү өзүм тандайм, өзүм көрөм. Чачымды байлап алып, боенуунун кереги жок. Диван, бир чака балмуздак. Башка дагы эмне керек?Оңой эмес. Коркунучтуу жаман түштөрдү канча көрдүм. Канча күн эртең менен тургум келген жок. Канча пландарым ыйлап жатып бузулду. Бул адаттагыдай нерсе экенин түшүндүм. Адам болгондон кийин ар кандай сезимдер болот. Ушундан анан өсүү болот, күчтүү болобуз.  Жашоо токтоп калбайт. Жигитим бар-жогуна карабай мен мен боюнча калам. Жашоода андан көп кызык нерселер бар. Мен жакшы жакка өзгөрдүм. Шаар кыдырып, дүйнө таанып, саякаттаганга убакыт бөлүш керек экен. Жер айлана берет, жашоону маңыздуу кылыш керек экен. Өзүмдү жалгыздыкта жакшы сезип баштадым. Эч кандай чектөө, эрежелер жок. Өзүмдүн закондорум менен жашайм. Келечегиме ишеним жок, бирок өзүмдү жандуу сезип баштадым.  Жалгыздык мага менин мурунку мамилелеримди баалап андан сабак алганга мүмкүнчүлүк берди. Акмактарды четке какканды үйрөттү. Өзүмдү баалап эркексиз жашаганга үйрөндүм. Чыдамкайлык – өзүңдү таануунун ачкычы.

Булак: "anan.kg"

Последние новости