www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-5-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз Нарын облусунда 14 метрге жетиши күтүлөт. Бул маалымат тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-майда күндүз  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда   жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.  

8-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.     

9-10-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт. 

4-6-майда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

4-5-майда жана 6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге жетет.

6-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

4-6-майда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

4-5-майда жана 6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости