www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеинин акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземи анын туулган шаары Мешхедде аяктады.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, анын сөөгү Имам Резанын мавзолейине коюлду. Эки жыл мурун ушул эле жерде тик учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Ибрагим Раиси да жерге берилген.

Хаменеи менен коштошууга келген адамдар өтө көп болгондуктан, уюштуруучулар аза күтүү жүрүшүнүн багытын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Лидердин сөөгү салынган кортеж мавзолейге жете албагандыктан, аны жеткирүү үчүн тик учак колдонулган.

Мавзолейдин аймагында жүз миңдеген зыяратчылардын катышуусунда Али Хаменеи жана аны менен кошо каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жаназа намазы окулду. Андан кийин расмий жерге берүү аземи өттү. Бул аземге журналисттер киргизилген жок.

Эске салсак, АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында 28-февралда каза болгону айтылган Али Хаменеи менен коштошуу аземи 3-июлда Тегеранда башталган.

Последние новости