www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды.

Министрликтин маалыматына ылайык, кабыл алуунун жүрүшүндө «Шанс» кризистик борборунун өкүлдөрү мамлекеттик социалдык заказдын алкагында зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоордо эмгектенген социалдык кызматкерлердин эмгек акысы төлөнбөй жатканын билдиришкен.

Кайрылууну карап чыккан министр маселени ар тараптуу иликтөө үчүн Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө инспекциясын жөнөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

Последние новости