www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук соту аял кишини өлтүргөн Артур (аты өзгөртүлдү, Л.А.) жана каза болгон аялдын сөөгүн жашырган Сергей (аты өзгөртүлдү, С.Т.) менен Алинанын (аты өзгөртүлдү, А.К.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун 10- ноябрындагы токтомунда айтылат.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 11-августунда кечинде Артур мурда чогуу жашаган Алинанын үйүнө барган. Ал баласы менен бөлмөсүндө отурганда, саат 23:30 чамасында Алина менен анын апасы Тамара экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Артур бөлмөдөн чыгып аларды тынчтандырган. Мас абалдагы Тамара ага кыйкырып, адепсиз сөздөрдү айткан. Ага ачууланган Артур аны кийиминен кармап, жерге түртүп жиберген. Анын кесепетинен катуу жаракат алган Тамара ошол жерде көз жумган. Алина бөлмөдөн чыгып, апасынын каза болгонун билгенден кийин таанышы Сергейге телефон чалган.

Ал «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаасы менен келген. Алина андан жансыз денени жоготууга жардам сураган. Алар айланма жолго барып, ылайыктуу жер таап чуңкур казышкан. Андан кийин денени ал жерге көмүшкөн. Соттолуучу Алина 4 баланын энеси. Анын айтымында, 2016-жылы 11-август күнү алардын үйүндө апасы, Артур, өзү жана балдары болгон. Апасынын курбусу келип, экөө спирт ичимдиктерин ичишкен. Ал Артур экөө балдары менен бөлмөдө отурушкан.

Андан кийин Алина ашканага барган, ал жерде апасы жалгыз отурган. Апасы ага ар кандай сөздөрдү айтканда көңүл бурган эмес. Алина апасынын жанынан өтүп бара жатканда кийиминен кармап, ага кыйкырып баштаган. Булмезгилде Артур бөлмөдөн чыгып, бала ыйлап жаткандыктан Алинаны жиберген. Андан кийин Алина адамдын жерге кулаган дабышын угуп, апасы жерде жатканын көргөн.

Алар аялды өзүнө келтирүү үчүн суу чачышкан, бирок ал каза болуп калган. Алар бири-бири менен урушуп, Артур анын апасын ур-токмокко албаганын, өзү кулап калганын айткан. Бул бул учурда бала ыйлып, Артур бөлмөгө кеткен. Алина Сергей аттуу досуна чалып, ал тез жардам чакырууну сунуштаган. Бирок Алина апасы каза болуп калганын айтып, түрмөдөн качуунун айласын ойлогон.

Ал Сергейден денени жашырууга жардам берүүнү суранып, акыры апасынын денесин жапкыч менен ороп, унаага салышкан. Андан кийин орун таап, денени көмүшкөн. Кийинки күнү ал таенесине барып, апасы жоголгонун айткан. Алар милицияга арыз менен кайрылышкан. Соттолуучу Сергейдин айтымында, окуя болгондон кийин Алина менен айланма жол менен кетип бара жатып жол чыракка жетпей талаага кайрылышкан. Унаадан жансыз денени алып чыгышканда анын жүрөгү айланып, денеден алыстаган. Ал эми, Алина жерди казып, аны жардамга чакырган.

Бирок ал барган эмес. Андан кийин Алина эч нерсе көрүнбөгөндүктөн Сергейден кол чыракты кармап туруусун өтүнгөн. Ал кол чыракты кармап берип, Алина чуңкур казган. Алар денени жерге көмүп кетишкен. 

Жыйынтыгында сот Артурду күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөй болду. Ал эми, Алинага 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Ал жазасын жатак абакта өтөйт.

Ошондой эле, Сергей 3 жылга эркинен ажыратылып, жазасын жатак абакта өтөмөй болду. Сот көрсөтүлгөн жазаны 3 жылга сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептөөгө токтом кылды.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости