www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын түштүгүндөгү Теннесси штатында төрт жаштагы бала эки жаштагы карындашын сууга чөгүп кетүүдөн куткарып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Лора Форрестер жолдошу жана эки баласы менен жаңы үйгө көчүп келишкен. Лора жолдошу экөө эшиктин алдындагы бассейнди айланта тосмолорду коюп, эшигине электрондук кулпу коюшкан. 

Алар коопсуздук үчүн бардык чараларды көрдүк деп ойлошкон. Бирок, бул эки жаштагы Эндиге тоскоол болгон эмес. Лора бир нече мүнөткө алыстап кеткенде Энди бассейнге түшүп кеткен. Сууда сүзгөндү билген төрт  жаштагы Грэй аттуу байкеси жанында болуп калып, ал ошол замат карындашынын аркасынан секирген. 

Энди тумчугуп калбашы үчүн Грэй анын курсагынан көтөрүп турууга аракет кылган да, акыры аны суудан алып чыккан.

Лора  суу болгон балдарын көргөндө “шок” болуп калган.  “Мен паника болуп кеттим. Бул окуя бат эле болуп кетти. Алар менин жанымда жүргөнүнө бир нече эле мүнөт өткөн. Грэй Эндини сактап калганы бул өзүнчө бир керемет”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости