www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын 3-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун катышуусунда өттү.
Жыйындын башында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков өздүк курам менен учурашкан соң, алдыда келе жаткан Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине карата жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп, татыктуу өткөрүп алууну тапшырды.
Иш-чарада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм башчылары өткөн тогуз ай аралыгында аткарган иштери тууралуу отчетторун беришти. Чечилбей жаткан маселелерге, ачылбай жаткан кылмыш иштери менен иликтөө иштерине токтолушту.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков башкармалыктын аткарган иштери негизинен канааттандыраарлык экендигине токтолуп, бирок, бир топ багытта ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгын айтып, тапшырмаларды берди.
Тагыраак айтканда, жоголгон курал-жарактарды кайтаруу, наркобизнеске, диний-экстремизмге каршы, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууну 100 пайызга аткаруу керектигин белгиледи. Ошондой эле жыйынга катышып отурган ИИМдин бардык кызматтарынын жетекчилерине ар дайым кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөөнү дагы күчөтүү зарылдыгын эскертти. Ар дайым ИИМдин эл аралык мамилилер менен иштөө кызматы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен дагы тыгыз байланышта болуп, кылмышкерлерди кайсы жакта гана болбосун табууну, издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Кылмыштуулуктун алдын алууда ар дайым жергиликтүү коомдук алдын алуу борборлору менен тыгыз байланышта болуу зарылдыгына токтолду.
Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгында аткарылып жаткан бир топ жакшы иштерге дагы токтолуп өттү. Атап айта турган болсок: шаарда жаңыдан ачылган 2 милиция бөлүмдөрү, тергөө багытындагы ыкчамдуулук, ачылган кылмыштарга токтолду. «Түрксой» маданий иш-чарасынын учурунда коомдук коопсуздукту сактаган кызматкерлердин кызматына ыраазычылык билдирди.
Жыйын соңунда кызматтык ишмердүүлүк боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды, деп билдирди Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg