www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети талкууланып жатат. Жыйындар залындагы көрүнүш адаттагыдай эмес. Парламент депутаттарын таблодогу аты-жөнүнөн гана таанып-билбесе, өңү-түстөрү, ал тургай айрымдарынын жынысы дагы таптакыр башка.
Чындыгында эле булар башкалар. Тагыраагы, эл өкүлдөрүнүн ордуна өкмөт менен жарандык коомдун өкүлдөрү олтуруп алышкан. Алар деле кадимки депутаттардан кем калышпай, кызуу талаш-тартышта.
Айтмакчы, булардын сөзүн уккан 2-3 эле депутат бар. Ал эми калган 117синин дайыны жок. Эми ээси жок үйдө коногу бапылдап алганы бир башкача көрүнүш экен. Анча болгон соң бул талкууну КР Өкмөтүнүн жыйындар залында деле өткөрүшсө болмок. Мына ошону эле айтып койсок дедик.
Булак: NazarNews.kg