www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында 4 жаштагы кызды сүзгөн 16 жаштагы айдоочу тергөө-иликтөө иштери бүткөнчө үй камагында болот.

Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Буга чейин айтылгандай, кырсыктан жабыркаган кыз Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына жаткырылган.

Анын баш сөөгүндө ачык жаракаты бар экендигин, баш мээси чайкалганын аталган оорукананын башкы дарыгери Данияр Шайбеков билдирген. Айдоочу тартип сакчылар тарткан видеого окуянын кандай болгонун айтып берген.

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости