www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук жетишкендиктердин таберик топтому сакталган башкы тарых музейибиз 4 жыл мурда башталган оңдоп – түзөө иштерин жыйынтыктай албай койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова «Парламент» радиосуна билдирген.

«Эгемендик майрамына карата көрүүчүлөргө өз эшигин ачат, - деп белгиленсе да расмий ишин улантпай келет.

Тарых музейине байланышкан тема Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинде каралды.  Төрт жылдап ачылбаган музейдин тартыштык жараткан тоскоолдуктары чечилбесе, андагы экспонаттардын сакталышына доо кетпейт, – деп ким айтат?!..

Андагы жаңы коюлуп жаткан заманбап технологиялык жабдыктардын функциялары деле жыл өткөн сайын эскире берет.

Ошондуктан, убакыттан уттурбай, эсептешүүнү талап кылган каражатты 2021-жылдын бюджетинен табылсын, - деген тапшырманы Каржы министрлигине табыштадык», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости