www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Президент Садыр Жапаров!
Сиз өлкө башына келгенде Мамлекеттин тышкы карызынан тышкары олчойгон ички карызы, тешилип минуска түшкөн казынасы менен өткөрүп алгансыз. Сиз кызматкка келгени өлкөдө көптөгөн жаңылануу башталды.
Курулуш иштери жүрүп, жолдору оңдолуп жатат. Бардык жыртык тешиктер бүтөлүп, мамлекеттик мекемелердин ремонт иштери активдүү жүрүп жатат. Бирок, каражатты кайдан алдыңыз деген суроо жаралат.
Мамлекеттик ипотека токтоп калды эле бирок, кайра каражат бөлүнүп ишке киришти ага каражатты кайдан таптыңыз?
Мамлекеттик транспорттор да бир топ жаңырды, ага каражатты кайдан алдыңыз?
Кай бир мамлекеттик жөлөк пулдар, пенсия, Айлыктар көтөрүлдү акчаны кайдан таптыңыз?
Балыкчы, Барскон жолун сыйрып салып кайра салып башташты ага каражатты кайдан таптыңыз?
Негизи эле баардык, бардык болуп жаткан жаңыланууларга каражат кайдан түшүп жатат?
Чынында, сиздин колуңузга, биз тапшырган өлкөнүн кыска мөөнөттө мынчалык жаңыланууну баштамак түгүл, ошо тушта айлык акы менен жөлөк пул пенсияны да убагында берүүгө мүмкүнчүлүгү жок дешти эле го?!
Кызык, тыштан очойгон карыз келген жок... Тескерисинче АША Кытайдан ашап алган карыздардын үстөгү кошо, мөөнөтүнөн мурда төгүлдү. Деги эле бардык ушул акчалар кайдан түшүп жатат деп сураган эч ким жок.
«Как будто» Президент бизге президент болгондон баштап, ар күнү уктап турса эле жаздыгынын алдынан МИЛЛИОНДОР сапырылып, калып жаткандай... Президентти демитесиңер го! Ушунча акча кайдан түшөт эле? Ойлондуңарбы? Демек ошончо тытынып иштеп жатат да!
Булак: NazarNews.kg