www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

40ка жакын телефон уурдаган жаран кармалды

Талас шаарында уюлдук телефондорду жана 56 000 сом уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирген маалымты билдирди. 

“2020-жылдын октябрь айында  Талас ШИИБнө Талас шаарында  жайгашкан “Моби Маркет” дүкөнүн ичинен сатыкта турган 30-40 даана ар канда үлгудөгү  уюлдук телефондорун жана кассасынан 56,000 сом акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерди шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобуу текшерүүгө алып, белгисиз жарандар  дүкөндүн артын сындырып киргендиги аныкталган. 

Аталган факты Талас ШИИБнин  КЖБРне катталып, КРнын ЖКнин 200-беренеси (уурулук) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  Тергөөгө тиешелүү далил заттар алынып, кылмыштын бетин ачуу максатында ар тараптуу ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп, “Моби Маркет” дүкөнүнөн уурдалган буюмдар жана жалпы телефондордун имей коддоруна  талдоо иш чаралары жүргүзүлдү.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган телефондордун ииздери  Бишкек шаарындагы Беш-Сары жана башка дагы телефон сатуучу жайларга алып келген. Талас ШИИБнин кызматкерлеринин көптөн берки жүргүзүп келген иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү адам кармалган. Ал 1973-ж.т. Манас районунун Май айылынын тургуну  К. Н. экендиги  аныкталды. Шектүү  толугу  менен күнөөнү мойнуна алып, уурдалган телефондорду Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө сатууга жөнөтүп, калганын Кыргызстандын ичинде ар кайсы дүкөнгө арзан өткөрүп жибергенин айткан. Далил зат катары уурдалган телефондордун 5 даанасы табылып, ээсине айтарылып берилди. Ал эми башка келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүсү  тууралуу көрсөтмө берди. Кармалган жаран 2021-жылдын 20-январь күнү Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, камакка алынган. Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости