www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаевдин мураскору катары президенттик бийликти ала албай калса да өзүн «Ата-Мекен» партиясы менен башаламандыктын башаты катары, Кыргызстанда чыр-чатактардын эталону болуп кызмат көрсөтүп келаткан Өмүрбек Чиркешович «жең ичинен» сүйлөшүүлөрдү баштагандай. «Ата-Мекен» партиясы быйылкы парламенттик шайлоодо кимдер менен гана тандем түзбөдү. Оштуктарды жек көргөн экс премьер-министр Темир Сариевди баш кылып, Атамбаевдин оң колу болуп СДПКда жылдыз болуп жапнып келишкен: Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдерди кошмоктоп кошуп келди. Канча аракет кылганы менен парламенттен чет калып элди башаламандыкка сүйрөдү. Элвира Сурабалдиева учурда вице-премьердин милдетин аткаруучу болсо, жаңы эле Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп «атамекенчи» Нурбек Сыдыгалиев шайланды. Ал 1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулган.1990-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган. 1990-1995-жылдары- Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон. 2011-2014-жылдары- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.1995-2002-жылдары- жеке ишкер;2002- 2006-жылдары - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма- директордун орун басары;2006-2007-жылдары – Жогорку Кеӊештин депутатынын жардамчысы; 2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору; 2010-2011-жылдары – “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы- директордун орун басары; 2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААК- башкы директорунун орун басары; 2012- 2016-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; 2017-жылдын ноябрынан баштап 2018-жылдын мартына чейин Жогорку Кеӊештин "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин кеӊешчиси; 2018-жылдын мартынан баштап 2019-декабр айына чейин аталган фракциянын катчылыгынын башчысы; 2019-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg