www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиялык 41 жаштагы азык-түлүк дүкөнүнүн ээси эң жакын курбусунун 16 жаштагы уулуна турмушка чыкты. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазып чыкты.

Мариана аттуу аял менен анын сүйлөшкөн жигити Кевиндин баш кошуу аземи 30-июлда Батыш Калимантан провинциясында өткөн. Кевиндин апасы Лиза жаңы үйлөнгөн жубайларга макулдугун берген. Лиза Мариананын ийгиликсиз мамиледен кийин депрессияга түшкөнүн көрүп, ага колдоо көрсөтүү максатында уулуна курбусуна үйлөнүүнү сунуштаган. Лизанын айтымында, анын бул сунушуна Кевин таң калып, бирок сүйлөшүүгө макул болгон. Көп өтпөй жигит аялды сүйүп калып, эки ай мамиледен болгондон кийин турмушка чыгууну сунуштаган.

Мариананын айтымында, ортодогу 25 жаш айырмачылыкка карабастан, Кевин өзүн чоң кишилердей алып жүрөт. Ага карабастан көпчүлүк интернет колдонуучулар жаңы үйлөнгөндөрдүн сүйүүсүнө ишенбей, жигит акча үчүн үйлөнгөнүн айтышкан. Бирок жубайлар өздөрү да, жакындары да мындай сөздөрдү четке кагып келет.

Тойдон кийин Мариана менен Кевин кыйынчылыктарга туш болушкан. Аларды Батыш Калимантан балдарды коргоо комиссиясы текшере баштаган. Комиссия өкүлүнүн айтымында, жигит 18ге чыга элек болгондуктан, үйлөнбөшү керек. Учурда комиссиянын мүчөлөрү иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жүрүшүндө Мариана менен Кевинге башка керебеттерде уктоону милдеттендирген. Нике жокко чыгарылбаса, жубайлар физикалык мамиледе болууга уруксат берилгенге чейин эки жыл күтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости