www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

43 миӊ адам «кара тизмеде»

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев КСДП парламенттик фракциясында миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угулуп жатканда билинген.

«Жыл башында 106 миӊден ашык адам «кара тизмеде» бар бочу. Мындай адамдардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 4195 кишиге кыскарган. Анын ичинде 51 миӊ жаранга сот аркылуу тыюу салынган. Эми жыл аягына чейин дагы 43 миӊ жарандын «кара тизмедеги» 3 жылдык депортациялоо мөөнөтү аяктоого тийиш», - дейт Медетбек Айдаралиев.

Андан тышкары, эмгек мигранттарын иш жүзүндө жашаган жеринде каттоого алуу, эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо, мигранттардын жеке ишкер катары иштөөсүндө ошол өлкөдө болуу мөөнөтүн так аныктоо, ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдө жарандарды мигранттык карточкаларды толтуруудан бошотуу жаатында бир катар тезинен чече турган маселелер бар экени белгилүү болду.

Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү депутат Данияр Аттокуровдун акыркы 3 жыл аралыганда канча адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартканы тууралуу суроосуна так жооп бере албай, тактагандан кийин жазуу жүзүндө жооп берүүгө убада кылды.

Фракция мүчөлөрү өкмөт өкүлдөрүнүн миграция маселеси жаатындагы жыйынга даярдыксыз келгенине нааразычылыктарын билдирип, аларды мындан ары так маалыматтарды алып келүүгө чакырды.

Эске салсак, апта башында Алмазбек Атамбаев 175 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилгени, 125 адам жарандыктан чыгарылганы жөнүндө Жарлык чыгарган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости