www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

445 салык кызматкерине чара көрүлдү

Салык кызматы жыл башынан бери ишкерлерге орой мамиле жасаган жана мыйзамсыз аракеттерге барган 445 салыкчыга чара көрүлгөнүн билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Салык кызматынын бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө 445 кызматкерге жумуштан алуу, башка бөлүмдөргө которуу, кызматтан төмөндөтүү жана башка чаралар көрүлгөнү айтылат.

5-декабрда Садыр Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан "Дордой" базарындагы соодагерлер менен жолугушту. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгилеп, соодагерлердин нааразылыгынан улам келерки жылдын июль айына чейин патент системасында иштөөгө уруксат берилгенин кабарлады.

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости