www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Аида Исатбек кызы Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай депутаттар менен айтышып, Жогорку Кеңештин абройуна шек келтирип жатканын билдирди.

Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов менен болгон акыркы окуя териштирилип, чара көрүлөрүн айтты. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Каракол шаарындагы оорукананын дарыгерлери, ординаторлору ага айлыгы аз экенине даттанып кайрылганын билдирген. Бул маселеге байланыштуу Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсалов талашып-тартыша кеткен.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү токтомун кабыл алган. Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости