4746 адамдын жарыгы эртең өчүрүлөт
Расмий кабарлар  |   |  1233

Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы «24 kg» сайтына билдирген. Алардын маалыматына таянсак, «Түндүкэлектро» акционердик коому Бишкектеги 4746 абоненти өчүрүүнү пландашууда. Карызын төкпөгөндөрдү эртең, 6-июнда өчүрүп баштайт.

Ал эми «акылдуу» эсептегич коюлган үйлөрдөгү жарыкты ишкана автоматтык түрдө өчүрө алат. Карыз толук төлөнгөндөн кийин гана электр жарыгы берилет.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями