www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Кең-Сай» жана «Достук» өткөрмө пункттарында фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталды. 

Текшерүү учурунда Өзбекстандан алып келинген дарбыздын эки партиясы талаптарга жооп бербегени белгилүү болгон.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ылайык, жүктөрдүн биринде фитосанитардык сертификат жок болсо, экинчи партиясында милдеттүү маркировкасы болгон эмес.

Жалпы салмагы 47 тонна 780 килограммды түзгөн дарбыз жүгү Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү.

Учурда мамлекеттик чек араларда фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Последние новости