www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чалдыбар автожолу» фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан импорттолуп келген 23 тонна 800 килограмм күрүчтүн жүгү өлкөгө киргизилген жок.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдиргендей, фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында талапка ылайык маркировка жок экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантиндик продукциянын ар бир таңгагында анын аталышы, чыгарылган өлкөсү, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалыматтарды камтыган маркировка болушу зарыл.

Мекеме белгилегендей, маркировкасыз карантин алдындагы жүктү алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу аталган жүк экспорттоочу өлкөгө кайра кайтарылган.

Последние новости