www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент облусундагы Алмалык шаарында жергиликтүү өндүрүштөгү балмуздак жегенден кийин 49 киши ууланды. Бул маалыматты шаардык акимчилик ырастады.
Расмий маалыматтарга ылайык, Алмалык шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына балмуздакка ууланган 36 киши жеткирилди.
15-августта алардын 31нин абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Бүгүнкү күндө ооруканада дарылануусун улантып жаткан беш бейтаптып абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.
Мындан тышкары дагы 13 бейтап Ташкент облусунун Ахангаран шаарындагы ооруканага жаткырылган. Учурда алардын абалы орто оор деп бааланууда.
«Бүгүнкү күнгө карата тиешелүү кызмат адамдарына бул окуя боюнча корутундулар жөнөтүлдү. Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө», - деп жазылган жергиликтүү акимчиликтин билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg