www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаев NazarNews маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берди.

 --“Улуттук валюта болгон кыргыз сомунун туруктуу сакталып келе жатканынын эки фактору бар. Биринчиси биз 1992-жылы Эгемендүүлүккө жетиштик. Мен президент боло элек кезимде планым бар эле. Кыргызстан кантип жаңы рынок экономикасына өтөт? деген суроом дагы пайда болду. Анан ойлонуп, программасын түзүп, ошонун негизинде жер реформасы, финансы реформасын даярдадык. Алардын ичине валютаны дагы коштук.

Мунун негизги максаты - дүйнөлүк рынокко кирүү жана башкаларды кошуу эле. Анан мен алгачкы эгемендүүлүккө кирген күндөн тартып эле катуу ойлонуп, пландап баштадым. Сомду кайсы жерге кошобуз?,- деген суроого жооп издедим. Бир жыл аралыгында көзүбүз жетип, баарын эсептеп, толук даярдадык. Россиянын жыйынында киргиздик. Валютаны печаттап, өз убагында киргизип алдык. Бул чоң жеңиш жана жакшы фактор болду.

Валюта кирген соң артында алтын резерви турушу керек болчу. Ошондуктан чуркап, “Кумтөр” алтын кенин иштетели деп тырышып баштадым. Ошого карабастан “Кумтөрдү” ишке киргизүүгө аракет көрдүк. 1993-жылы завод курулуп, анан акырындык менен ишке киришти. Бирок ал убакта алтын аябай арзан эле.

Кыргызстанда алтындын запасы тургандыктан сомдун туруктуулугун ушул күнгө чейин кармап калды. Ал эми башка мамлекеттер бизден кийин, кыйын учурда киргизип калышты. Ал учурда 1 доллар 4 сом болуп турду. Азыр болсо доллар абдан өсүп кетти. Бүгүнкү күндө сом Россиянын рублы менен бирдей эле келе жатат. Биздин Кыргызстан үчүн чоң сыймык десем болот”, - дейт Акаев.

Кошумчалай кетсек, 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти болуп шайланган. Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен. Учурда экс-президент МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости