www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афган трагедиясы идеологиялык тиреш, геосаясый кызыкчылыктардын кармашы! Бул тууралуу саясат талдоочу Сабыр Муканбетов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
"Афганистанды СССР жеңе алган эмес, АКШ да жеңе алган жок" - дешет. Андай эмес. СССР жеңгени кирген эмес, "Социалисттик система орнотобуз, шахты төңкөргөн революцияны колдойбуз"- деп кирген. "АКШ батыштык үлгүдөгү демократия орнотобуз, терроризмдин тамырын кыркабыз" - деп кирген. Экөө тең жалпы афган элине, Афган мамлекетине каршы согушкан эмес. Социализмди да, батыштык үлгүдөгү демократияны да самаган афгандыктар ар дайым жетиштүү болуп, келгиндерди колдоп, жардам алып келген.
Тилекке каршы, эки сапар тең келгиндердин "жардамы" майнапсыз болуп, эл жакырланып, мамлекет өнүкпөй "жардамчылар" жек көрүндүгө - жалпы элдик душманга - айланып, келген жагына кайтууга мажбур болду. Эгерде СССР менен АКШнын максаты элин кырып жерин басып алуу, багынтуу, таш-талканын чыгаруу болгондо, ал азыркы курал-жарак менен жеңил эле ишке ашмак. Афган трагедиясы идеологиялык тиреш, геосаясый кызыкчылыктардын кармашы!", - деп белгилеген Муканбетов.
Булак: NazarNews.kg