www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир замандын өз куркулдайы бар. Бешинчи парламентте Абдылдаев Мыктыбек өзүнүн компетенттүү ролун мыкты аткарганы менен алтынчы парламентте өз сөздөрү менен Рыскелди Момбеков эл оозуна алынды. Жетинчи парламентте ким келери белгисиз.Карылардын ичинде да мыктылар бар. Бешинчи парламентте ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев болгон. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат, Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып, орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, мүчө болуп кирип, ошол бойдон парламентти “менчиктештирип” алды. Кээ бир учурда сакалдуу катары трибунага секирип чыга калып, бирдеме деп сүйлөй калчу. Саясатта көп жылдан бери жүрүп, өзүнүн билимдүүлүгү менен чоӊ тажрыйба топтоп, башкалардай анчалык жулунбай, ошону менен катар элге анчалык жек көрүнбөй дээрлик бир калыпта келаткан Мыктыбек Абдылдаев акыркы учурда Жогорку Кеӊештин депутаты катары активдүүлүгүн көрсөтө албай калды. Акыркы мезгилде Абдылдаевдин аты унутулуп баратат.Момбеков деген журналист – депутат жүрөгүнүн үшүн алып койгондой. Абдылдаев башка көптөгөн депутаттардан айырмаланып, парламентте кандай маселе, кандай мыйзам каралса да алардын көбүнүн кемчилигин таап чыгып, туура жагын айтчу эле. Негедир ал андай күүсүнөн жанып, бийликке, өкмөткө да “тиши өтпөй” калганы байкалууда.
Алтынчы чакылыштагы парламентте Момбеков Таласын, анан Манасын айтып парламентте “куран окугуча” Абдылдаев акактап, шилекейин агызып момпосуй болуп отуруп калды. Же анын жашы өтүп карып калганбы, “Бөрү карыса бир койлук алы бар” –дейт, Абдылдаевдин депутат катары “бир койлук” алы да калбай баратканы, анын сакалына ак кирип баратканыбы же Момбековго окшогон жаштар “момпосуй” болуп отур деп зекип койгонбу? Же айта берип тажадыбы, балким атактуу “коррупционерлерден” турган “Бир болду” баштап ЖКга депутат болуп келгенине өкүнүп жатабы, айтор бул жагы бир аз бүдөмүк болуп турат. Абдылдаев кийинки шайлоого катышууга толук мүмкүндүгү бар. Жашы деле өйдөлөдү, 67 жаш курак деле оӊой эмес. Арийне, саясатта 67 жаш толуп турган убагы дүйнөлүк саясатта Черчилл сыяктуу саясат билермандары ушул жашында акылмандык сөздөрүн айткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»