www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-мартта Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

5-мартта Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасы кабарлады.

Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин Эне-Сай, Дордой – 1 жана Дордой – 2 конуштарында өчүрүлөт.

"Бул күнү "Эне-Сай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости