www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Кочкоровдун айтымына караганда, балдарын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.
«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — дейт ал.
Министр мындан тышкары, 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg