www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жугуштуу оорулар учурунда адамдар кол алышып, беттен өөп учурашууну токтото туруусу COVID-19 вирусунун тарап кетишинин алдын аларын дарыгерлер күн сайын эскертсе, Мирпазылов Арлен аттуу 5 жаштагы бала NazarNews маалымат агенттигине коронавирус илдетин алдын алуу үчүн өзүнүн эрежелери менен бөлүштү.

Видео-тасмада Арлен: "Коронавирус жукпаш үчүн эртең менен эрте турганда үйдү жыйнап, тиш жууган менен тиштерди жууп, колду 2 саат сайын таза жууп туруш керек. Көчөгө чыкканда базарда сатпаган бет каптарды кийип, көчөгө чыкпай үйдө "Лаа Илаха Иллаллох Мухаммадур Расулуллах", деп Кудайдан сурап жатыш керек",  - деп айткан.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости