www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда жаш бала үйүндө 16 саат коронавирус аныкталган энесинин жансыз денеси менен отурду. Бул тууралуу WGXA телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы маммолог-врачтын сөөгү өзүнүн үйүнөн табылды. COVID-19 инфекциясына анализ тапшырып, жыйынтыгында коронавирус аныкталган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, полиция кызматкерлери сөөктү тапканда, ал 12-16 саат мурун эле каза болгону маалым болгон. Мындан сырткары, ошол учурда үйдө кичинекей жаш бала бар болчу. Ал болжол менен 4 же 5 жашта.

Маркум иштеген оорукана аял менен контактка барган бардык кызматкерлер жана бейтаптар менен байланышты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта жаңы типтеги коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө 500 миң адам жуктуруп, 21 миң адам көз жумду жана 114 миң адам айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости