www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.К. аттуу жаран чала тааныш «Э.» аттуу жаранга карата арызы менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 10-ноябрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки аралыкта аталган жаран Бишкек шаарынын Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде, арыз ээсинин уулунун Россия Федерациясынын Москва шаарында камакка алынган маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 млн 50 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, андан соң белгисиз багытта изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-февралындагы редакциядагы Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
2021-жылдын 14-ноябрында шектүүгө издөө жарыяланган.
2026-жылдын 20-февралында Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган И.Э.. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Белгилей кетсек, аталган жаран ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар-жогу боюнча текшерилүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.