www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунун аймагында 2026-жылдын 13-февраль күнүнөн 1-мартына чейин «Укук-тартип» ыкчам алдын алуу иш-чарасы ѳткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - укук бузуунун, же кылмыштуулуктун кесепети менен күрөшүү эмес, анын алдын алуу болуп саналат.
Кызматкерлер жарандар көп топтолуучу жайларда, көчөлөрдө күндүзгү жана түнкү рейддик иш-чараларды уюштуруп, укук бузуунун алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилери менен маектешүүлөрдү жүргүзүп, укук бузууга түрткү болгон жагдайларды аныктап, аны жоюу боюнча иш алып барышууда.
Белгилей кетсек мындай иш-чара облус аймагында бардык райондордо жүргүзүлүүдө.