www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Жунушалиев кеч болсо да уйкудан ойгонду!

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев түшүнөн чочудубу, же уйкудан жаңы ойгондубу, айтор, бир канча айдан бери какшап келген шаардыктардын үнүн кечигип болсо дагы укту. 

Бүгүн мэр өзү башында туруп, ЦУМдун аймагындагы 3 кабат болуп курулган металл конструкциядан тургузулган имаратты мажбурлап буздуруп баштады. Албетте, кеч болсо дагы элдин талабын, нааразычылыгын угуп, эч бир долбоордо каралбаган мыйзамсыз курулушту токтотуп, буздуруп жатканы колдоого арзыйт.

Ошентсе да, акыйкаттык үчүн айта кетчү жагдай, таяктын эки учу бар сыяктуу, бирок деген маселе бар. Дегенибиз, эс алуучу фонтан орнотулган жашыл аймак талкаланып, бак-дарактар кыйылып, ордуна шаардын архитектуралык көрүнүшүн бузган мыйзамсыз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканда, шаардыктардын нааразы болуп какшап айтып жаткан кулактаныдруусуна эмнеге кулак какпай, көрмөксөн, билмексен болуп келди? 

Качан баары кыйрап, тыптыйпыл болгон соң, соомаланып “мыйзамсыз экен, долбоордо каралбаптыр, бузулсун, мурдагы калыбына алып келгиле” деп “ырдай” баштады. Ушунчалык чыгым, убара, түйшүктүн кимге зарылдыгы бар эле?  

Чынында, бул окуя шаар куруу тармагындагы көзөмөлдүн алсыздыгын жана чечим кабыл алууда жоопкерчиликтин жокутугун айгенелейт. Коомдук аймактар эксперимент жүргүзө турган жер эмес. Шаар бийлиги мындан ары ушундай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн алдын ала, ыкчам жана принципиалдуу позиция кармашы керек. Болбосо борбор калаанын архитектуралык жүзү менен жашыл мейкиндиктери ар кимдин кызыкчылыгынын курмандыгына айланып кала берет.

Последние новости