www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМге 116 даана атайын техникалар тапшырылды

Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалык каражаттарды тапшыруу аземи өттү.

Салтанаттуу иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин мамлекеттик бюджеттин жана кошумча гранттын эсебинен алынган жаңы техникаларга ээ болушу менен куттуктады.

Анын айтымында, бул техникалык каражаттар өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кесепеттерин жоюуга жана өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам ишмердүүлүгүн камсыздоого шарт түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техника тапшырылып, бөлүнгөн каражаттар министрликтин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Последние новости