www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-декабрда абакка түшкөнгө 50 күн болду! Белгилүү болгондой биз, 23-октябрда ”Кемпир-Абад”масалеси боюнча эч бир негизсиз жерден кармалганбыз. Андан бери 50 күн өттү. Бул тууралуу журналист Айданбек Акматовдун СИЗО-1ден жазган катында айтылат.

"Бул күндөр кандай өттү?

Биринчи күндөр оор болду. Эч бир милицияга түшпөгөн адам оор берене боюнча айыпталып, колуна кишен салынып, үй-бүлөнүн көзүнчө үй жайы тинтилип, астын-үстүн кылынышы жеңил нерсе эмес, эң эле жагымсыз көрүнүш. Жакын туугандар, дос-жарлар көзүнө жаш алып, “эми эмне болот” деп сар-санаага түшүп, артыңдан чуркап жүрүүсү маанай көтөрө турган жагдай эмес.

Бирок биздин, менин көңүлүмдү жубата турган бир жагдай бар эле. Ал негизги жагдай.

Бул менин (жеке өзүм жөнүндө жазгым келип жатат) эч бир күнөөсүздүгүм! Ушул жерде бул иш кандай болгонун айтып кетүү эп болуп турат.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселе боюнча жергиликтүү калк уюштурган курултайга катышып келдим. Курултайда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү сунушталды. Кемпир-Абаддын Кыргызстан үчүн стратегиялык, тарыхый, улуттук коопсуздук, коммуникациялык, экономикалык, эс алуу жайларын куруу ж.б. мааниси эбегейсиз экендиги мага маалым эле. Курултай ал ынанымды бекемдеди.

Ушундай маанилүү, кымбат жер  берилип кетип жатканына аябай кейип келдим.

21-октябрда белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов 22-октябрга саат 12:00 жыйынга келе аласынбы деп, телефон аркылуу чакырып калды. Макул болдум. 22-октябрда айтылган жерге убагында келдим. Ал жыйында туура сөздөр айтылды. Түрдүү сунуштар болду. Эмоцияга алдырган айрым сөздөргө карабай, бир да адамдын оозунан бийликти күч менен басып алуу, башаламандык уюштуруу жөнүндө сөз айтылган жок. Жыйынды уюштургандардын бир гана кемчилиги болгон экен. (Аны бийлик пайдаланып кетти.) Ал жыйынды маалымат каражаттарынын катышуусу менен түз эфирде чагылдыруу менен өткөрүү керектиги эле.

Жыйында митинг өткөрүү сунуштары айтылды. Митинг өткөрүүгө Контитуция уруксат берет. Ал тыю салынган эмес. Ошондуктан бул эч кандай кылмыш, мыйзамсыздык эмес эле.

Жыйында депутаттарга таасир этүү сунушталды. Ал вазипа жыйынга катышкан депутаттар Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиевге тапшырылды. Алар өз кесиптештери менен иштесин, Кемпир-Абаддын маанисин дагы түшүндүрсүн деп сунушталды. Андан сырткары жыйынга катышуучулардын депутаттар арасында жеке мамилеси, тааныштыгы, жакындыгы барлар да жөн турбасын, алар да өз багыттары менен аракеттенсин деген сунуш айтылды.

Кемпир-Абад боюнча өзбек президенти Ш. Мирзиеевге кайрылуу сунушу да жактырылды. Соңунда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү сунушталып, ал кабыл алынды. Жыйынга катышкандар баары мүчө болушту.  Андан аркы байланыш WhatsApp топ аркылуу жүргүзүлө турган болду.  Ал топту жаш саясий активист, блогер Эрлан Бекчороев түзмөй болду.

Ошону менен жыйын тарады. Митингдин мөөнөтү да, орду да айтылган жок, такталган жок. Чындыгында азыркы шартта кандайдыр бир митинг  өткөрүү жеңил-желпи иш эмес. Эл да өзү менен өзү болуп калган убак. Кемпир-Абаддын маани-маңызы жөнүндө көпчүлүк кабарсыз. Ошол үчүн мен жыйынга жаңы түзүлгөн комитет маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулукка маалымат берүүсүн  сунуштадым.

3-октябрда эрте менен кармап кетишти. Адегенде эки күн Ак-Сууда (Беловодское) кармашты. Андан кийин Бишкек СИЗОсуна алып келишти. Бул жерде так жана кесе айтып коё турган нерсе - биз менен жүргөн тартип коргоо кызматкерлери, СИЗО кызматкерлери да сый мамиле жасашып, бул иштин таза саясат экенин билдирип турушту. Алар да Кемпир-Абаддын берилишине каршы болушуп, бирок кызмат абалдарына байланыштуу унчукбай олтурушат. Тезирээк эле чыгып кетиңиздер деп турушат. 

Абакта тамак-аш Кудайга шүгүр. Жакындар ташыйт. Андан сырткары тааныштар, пикирлештер, кээде тааныбаган эле адамдардан тамак-аш келип калат. Аларды жеп түгөтө албагандан башка камераларга таратып берүүгө туура келет.

Абакта убакыт кенен. Суракка чакырбайт. Териштирүү деле жок. 50 күндөн ичинде эки жолу сурашты. Ал деле бири-бирин кайталаган суроолор. Анткени коюлган айыпка эч кандай далил жок. Үйдү тинтүүдөн эч нерсе жок. Башка жакта да эч нерсе чыкбайт. Чыгышы мүмкүн эмес. Анткени табиятта андай жок. Болгон эмес. Бул жакта популярдуу болуп айтылып жаткандай “Забор ашкан жокпуз, бирөөнү барымтага алган жокпуз”, - деп жазылган катта.

Эскерте кетсек, 23-октябрда ИИМ кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир нече саясатчы, активисттерди камакка алган.

Булак: NazarNews.kg                                                                                       

Последние новости