www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санаага салган Сарыбашев барсызбы?

Кезинде Икрам Илмияновдун ити чөп жеп турганда, этегине намаз окуп жүрүп Ош облусунун губернатору, кийин Ош шаарынын мэри болуп, жалаң пиар менен өзүн чарбачыл аткаминер катары тааныткан Таалайбек Сарыбашев деген бар эле. Ош шаарынын мэринен кетип, Бишкекке мэр болуп келип, эки жумага жетпей ишин таштай качкан. Себебин Жогорку Кеңешке шайлоого бара турганы менен түшүндүргөн. Учурда «Ата-Журт» фракциясынын депутаты. 

Мына ушул пиарчы депутаттан бир жылдан бери дайын жок. Эл өңүн унутуп калды көрүнөт. Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон бери лам деп ооз ачкан жок. Бул аралыкта коомду тынчсыздандырган бир катар актуалдуу окуялар орун алды. Казино мыйзамы, Кемпир-Абад маселеси, Баткендеги чек ара көйгөйү... Таалай мырзанын карааны көрүнбөйт. Же мыйзам жазганы билинбейт, же элдин көйгөйүн көтөрүп сөз сүйлөгөнүн көрбөйбүз. Мындан улам, кургурдун жасалма пиар жасаган доору бүткөн тура деген ойго келдик. Дегенибиз, мыйзам жазганга, олуттуу маселе көтөргөнгө билим, анан мээ керек экенине мээси жетти бекен деп биз сарысанаабыз…

Ырасында, бизнесин коргоп, кирип-чыгып айлык алып мандатты кор кылбай, иштей турган бирөөгө өткөрүп берсе болмок. Ансыз да депутат болоордо, (Ошко мэр болоордо дагы) диплому жасалма деген шек жаралып, тилекке каршы, токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет болуп, бийликтин арыгын чапкан амалкөйлүгүнөн улам суудан кургак чыкты эле.

Айткандай, чындап 1995-жылы Ош техникумун аяктаганыӊыз тууралуу диплому жасалма экени ыраспы? Журналисттерге «дипломум айылда калып калыптыр» деп жаш баланын шылтоосун айткан жоругун эстегенде кызарабы же бозоробу? Сын айтканга жарабаган балык депутаттарга боло береби?

Баса, Россиянын жараны экендиги боюнча дагы чоӊ чуу чыкты эле? Кызыгы ал жакта таксист болуп жүргөндө, кайран шоопур Икрам Илмияновдун кудурети менен "шоопур шопурду алыстан тааныйт" болуп, мамлекеттик маанилүү чиновник болуп чыга келгенин моюнга алат бекен?

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости