www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Тахмина изделүүдө

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдарбай кызы Тахминага издөө салат.

Облустук милициядан билдиришкендей, Тахмина 9-декабрь күнү саат 11:00лер чамасында Сокулук районунун Ала-Тоо конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160 см, орточо дене түзүлүштөгү, кой көз, кара тору.

Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим.

"Айдарбай кызы Тахминанын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) кайрылып коюңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости