www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Атамбаев маркум Чыныбай Турсунбековду спикерликтен жыга чаап, ордуна “балашкасы” Дастан Жумабековду алып келген. Ал таскактап, элдин акчасына аалам кыдырып жүргөнү менен Франкфурт-на-Майнени туура айта албай, спикер болуп туруп эл караткан жүзүбүздү жер караткан.

Учурда БШКнын жумушчу тобу Жумабековдун Таластагы ооруканага жасаган сапарынын мыйзамдуулугун талдап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда.

Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. 

 БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди. 

 "Дастан Жумабеков партиялардын тең укуктуулугу сактабай жатат. Үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан маалда спикерлик кызматынан пайдаланууда. Ошондой эле парламенттин маалымат кызматын колдонуп, пиар ишин жасатып жатат. Ооруканага барганы туурасында ЖКнын сайтына маалымат чыккан. Ал эми 50 миң сом сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу аракети деп эсептейм. Эки мыйзам бузуунун белгилери көрүнүп жаткандан кийин БШК муну карап же өзүн, же партиясын шайлоого катышуудан четтетиши керек. Бул боюнча бүгүн БШКнын жыйында кароосун сунуштайм", — деди Абдрахматова.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да ушул маселени кароону сунуштай турганын билдирди.

Ал эми БШКнын маалымат кызматы Жумабековдун аракетин учурда жумушчу топ карап жатканын маалымдады. Эгер мыйзам бузуу белгилери аныкталса, БШК мүчөлөрүнүн кароосуна киргизелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости