www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия маалында киргизилген карантин чектөөлөрүнүн айынан Өзбекстанда 500 миңге жакын эмгек мигранты чет өлкөгө иштегени бара албай калды. Бул жөнүндө Эмгек жана эмгек мамилелери министрлигинин катчысы Рахимжон Махкамов 27-июлда Ташкенде өткөн брифингде билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Атка минердин айтымында, мигранттардын 76,2 миңи Өзбекстандын өзүндө ишке орноштурулду. Жалпысынан 68,7 миң адам коомдук иштерге тартылып, Коомдук иштер фондунан 21,8 млрд. сум ( $2,1 миллиондон көп) алардын айлыгына бөлүнгөн.

2020-жылдын январь-июнь айларында чет мамлекеттерден Өзбекстанга 219 657 адам кайтып келди. Анын ичинде Орусиядан 122 805, Казакстандан 63 636, Түркиядан 7 144, Түштүк Кореядан 3 376 жана 22 697 жаран башка өлкөлөрдөн кайтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости