www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, деп кабарлайт Октябрь райондук милициясы.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБсине М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Н.А. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Себеби, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Сухэ-Батор жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен арыз ээсине таандык Toyota Avalon, Kia K7 жана Samsung үлгүсүндөгү автоунааларды ээлеп алып, натыйжада жалпы суммасы 55 000 АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат: 0(502) 06-06-93 же 102.

Последние новости