www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“75чилердин каты” боюнча сегиз адамга чыккан өкүмгө байланыштуу Бишкек шаардык сотунда апелляциялык кароо 10-августта башталат. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда аларга үч жылдык пробация берилип, сот залынан эркиндикке чыгарылган. Прокурорлор жана айыпталуучулардын айрымдары райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз беришкен.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.