www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан жалпы жонунан 550 миллион доллардан ашуун каражат сарпталчу 60 долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат коңшу мамлекеттин Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, 6-апрелде Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдабаев менен Өзбекстандын вице-премьери - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолуккан. Анда тараптар үстүбүздөгү жылдын март айында мамлекет башчылары кол койгон макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин, кыргыз-өзбек алакасын талкуулаганы айтылды.

«Тараптар ортосунда өндүрүштүк кызматташуу боюнча кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү максатында жол картасы түзүлгөн. Анын негизинде жалпы суммасы 550 миллион доллардан ашык каражатка биргеликте 60 долбоорду ишке ашыруу каралган», - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, аткаминерлер энергетика тармагы боюнча кызматташууну да сөз кылып, бир катар маселелерди ортого салган.

Эске сала кетсек, өткөн айда президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып, коңшу мамлекет менен жалпы суммасы 127,6 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости