www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент облустук инфекциялык ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Гүлжахон Юлдашева жана дагы төрт киши соттолушту.

Сот Юлдашеваны 4 жылга эркинен ажыратып, анын кол алдында иштеген эки дарыгерге үч жылдан жаза мөөнөтүн чегерип, калган эки кызматкерди эки жылга түзөтүү жумуштарына тартууга өкүм кылды.

Гүлжахон Юлдашевага Өзбекстандын Кылмыш кодексинин «Ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу аркылуу уурдоо», «Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык» жана «Кызматтык жасалмалуулук» деген беренелердин негизинде айып тагылып, иш козголгон болчу. Сот иштери төрт айга созулду.

Гүлжахон Юлдашева 2020-жылы 9-сентябрда кармалган болчу. Анда ал 250 миллион сум же 24 миң доллар өлчөмүндө бюджеттик акчаны уурдоого шектелген. Ошондой эле ал коронавирус менен ооруган бейтаптын айыкканы тууралуу жалган маалымат берип, бирок кийин ал бейтап каза болуп калганы белгилүү болгон.

2020-жылы август айында Гүлжахон Юлдашева илдетке каршы күрөшүп жаткан медперсоналга сыйакы же ооруканага тиешелүү жабдуу бөлүнбөгөнү тууралуу жергиликтүү медиага маек берген. Ошол билдирүүсүнөн бир аз убакыт өткөн соң кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости