www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австрияда 7-апрелден баштап COVID-19га каршы тест тапшырбагандарга дүкөндөргө кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эми чач-тарачтарга, башка тейлөө уюмдарына жана азык-түлүк дүкөндөрүнө баруу үчүн 48 сааттын ичинде жасалган коронавируска каршы тестин жыйынтыгы керектелет. Анын үстүнө анын натыйжасы терс болушу керек.

Маанилүү кызматтарды көрсөткөн дүкөндөргө жана уюмдарга баруу үчүн коронавируска каршы тест талап кылынбайт. Бул банктар, супермаркеттер, дарыканалар жана почта бөлүмдөрү.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө COVID-19дан улам өлүмдүн саны көбөйгөнүн билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада дүйнөдө коронавирустун курмандыктарынын саны 11 пайызга өстү - 71 миңден ашуун адам каза болгон. Ошол эле учурда уюм алтынчы жума катары менен жуккан адамдардын санынын өсүшүн каттайт. Акыркы жети күндүн ичинде төрт миллиондон ашык жаңы COVID-19 учурлары аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости