www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда комплекстүү, максаттуу бир долбоор жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Кыргызстанда комплекстүү, максаттуу бир долбоор жок. Жок дегенде 20-30жыл иштей турган долбоор керек. Бизге өкмөт башчы болуп келгендер каалагандай программасын көтөрүп келип, ишке ашырганга аракет кылат. Же алардын бири дагы ишке ашпайт. Ал эми партиялар шайлоо алдында эл менен программаларын мактап тааныштырат. Парламентке депутат болуп келгенде тилекке каршы алар программанын бири дагы иштебейт. Тескерисинче өздөрүнүн кызыкчылыктары менен алектенип жүрүп убакыттары өтөт. Башка мамлекеттерде бир канча жыл иштей турган чоң долбоору болот. Келген өкмөт башчылар ошону менен иш алып барат. Ошо менен багыт алса жеңил дагы болуп саналат да. Мисалы, Америкада көп жылдан бери бир гана долбоор иштейт, президент. Өкмөт башчылары алмашса дагы ал долбоор өзгөрүүсүз ишин уланта берет. Ал эми бизде баары өзүм билемдикке салып, убакытты өткөрүшөт. Ошону менен катар аябай чаржайыт болуп кетти. Анан кантип экономика өнүгөт?”, - дейт Сарыбаев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости