www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Effect.uz маалымат агенттигинин эки кабарчысына издөө жарыяланды. Бул тууралуу 6-апрелде өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл январда Effect.uz сайты журналисттеринин Термез райондук сотунун төрагасынын иш бөлмөсүнө кирип барып, сот отурумуна катыштырууну жана анда видеого тартууга уруксат берүүнү талап кылып жатканы тартылган видеону жайгаштырган.

Бул окуядан кийин Жогорку судьялык кеңеш видеого укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

«Термез райондук прокуратурасы жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгы менен «Бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү» жана «Тергөөгө же сот иштерине кийлигишүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон», — деп жазылган башкы көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Бул кылмыш иштерине байланыштуу аталган сайттын эки кабарчысы бир нече жолу суракка чакырылган. Бирок келбей койгондон кийин аларга карата камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости