www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кооперативдерге негизделген өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Канада, Австрия сыяктуу мамлекеттерде буудайдын түшүмү гектарына 60-70 центнерден кемибейт, бир саан уйдан 50-60 литр сүт алынат, бодолор 180 күндө 300 кило эт берет, кант кызылчасынын орто түшүмү 600-650 центнерге жетип, канттуулугу 20 пайыздан кемибейт. Албетте, алар менен биздин реформаланган айыл чарбасы атаандаша албайт. Биздин кээ бир Акылбек Жапаров сымаал бизнесмендерибиз чет мамлекеттен тукум алып келип ар бир уйдан 50-60 литрден сүт алып келебиз деген ураан көтөрүшкөн. Албетте, өздөрү үчүн гана, ал эми жалпы Кыргызстан үчүн айыл чарбасын көтөрөбүз деген Бекболот Талгарбековдун реформасы Акаевдин бийлиги тамам болгондон бери бир топ жыл суу кечпей турду. Балким жаңы бийликтин иш аракети менен алга жылар. Анткени, азыркы бийлик айыл чарбасы боюнча жакшы максаттарды алдына койгон.

Айыл чарба министри Аскар Жаныбеков президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгонун билер. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба продукциясынын, чийки заттын, азык-түлүктүн рыногун мындан ары өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын көтөрүү, агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынган:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— Кыргыз Республикасын агрардык өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;

— айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун жана рыноктук жүгүртүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү;

— кооперативдерди, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүгө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин бөлүгүн айыл чарба боюнча ыйгарым укуктуу органдын башкаруусуна берүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

— улуттук жана облустук деңгээлдерде агроөнөр жай комплексинде чарба жүргүзүүнүн кластердик ыкмаларын киргизүү, анын ичинде сүттү, этти, грек жаңгагын, дары чөптөрдү, жүндү жана терини иштетүү, балык багуу, була өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча агрокластерлерди уюштуруу;

— төмөнкүлөргө шарттарды түзүү:

өзүнүн жер участкаларында фермердикти жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон фермаларды курууга мүмкүнчүлүк берүү, анын ичинде фискалдык дем берүү менен ири жер пайдалануучуларга (100 га жана жогору);

тобокелдүү дыйканчылык жүргүзүү жана мал жаюу зоналарында агрокамсыздандыруу системасын киргизүүгө;

адал айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө;

— өнөр жай ишканаларына, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын резиденттерине, ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайынын ишканаларына даяр продукцияны өндүрүүдө айыл чарба чийки заттарын жана материалдарды (була өсүмдүктөрүн, терини жана жүндү ж.б) колдонуусуна шарттарды жана дем берүү механизмдерин түзүү;

— фермерлердин инновацияларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча тармактык илим жана кластердик бирикмелер менен кооперациялоо механизмдерин түзүү жана айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү камсыз кылуу;

— мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин негизинде тармактык бирликтерге, палаталарга жана ассоциацияларга берилүүгө тийиш болгон агроөнөр жай комплекси жана айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана функциялардын тизмегин аныктоо;

— ар бир облуста айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүдө көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди изилдөө жана аларды түзүү үчүн, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жагымдуу шарттарды түзүү;

— 1926-жылы түзүлгөн, даярдоо контораларына калктын жана керек-жарак союздарынын мүчөлөрүнүн айыл чарба продукциясы сатылган «Кыргыз керек-жарак союзун» кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу; керек-жарак союздарга киреше берүүчү экономикалык иштин түрү менен иштөөгө, анын ичинде айыл чарба продукциясын экспорттоого жана импорттоого уруксат берүү;

— айыл чарбасынын муктаждыгы үчүн колдонулган артезиан скважиналарын лицензиялоону жоюу;

— айыл чарба багытындагы өздөштүрүлбөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү, аталган жерлерде агротокойчулукту, багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

— мобилдүү тиркемелер жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жеке жана юридикалык жактар үчүн зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу айыл чарба чөйрөсүндө оперативдүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында дыйканчылык жана фермердик чарбалар үчүн маалыматтык-маалымдама системасын түзүү;

— айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн электрондук коммерциянын элементтери бар санариптик технологияларды айыл чарбасына киргизүү;

— өндүрүштүк максаттарга айыл чарба жерлерин трансформациялоо жагында жер, суу жана жайыт ресурстарынын агробизнеске жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн айыл чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын базасында айыл чарбасындагы «бирдиктүү терезе» механизмин киргизүү;

— суулардын жана суу сактагычтардын акваторияларынын базасында балык багуу өндүрүштөрүн уюштуруу жана кеңейтүү, анын ичинде аларга жанаша жайгашкан аймактарда балык продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча инфраструктураны калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;

— айыл чарба продукцияларын терең тоңдуруу жана сублимациялык кургатуу технологияларын киргизүү боюнча чараларды көрүү;

— агроилимди, мамлекеттик сорт сыноочу участокторду жана мамлекеттик асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу, алардын базасында агротехникалык парктарды түзүү;

— айыл чарбасында кооперацияны өнүктүрүү жолу менен майда товардык өндүрүштөн арылуу боюнча чараларды көрүү;

— айыл чарба кооперативдик бирикмелеринин жергиликтүү жана улуттук айыл чарба рынокторуна, ошондой эле өлкөнүн соода тармактарына кирүүсүн жакшыртуу;

— ирригациялык тармактардагы сууну эсепке алууну жакшыртууга багытталган технологияларды, ошондой эле суу ресурстарын башкаруунун жана бул чөйрөдө коррупциянын пайда болушунун тобокелдиктерин азайтуунун жаңы ыкмаларын киргизүү, сугат сууну пайдалануунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

— айыл чарба продукциясын өндүрүү жана тамак-аш коопсуздугу жаатында улуттук экологиялык, органикалык стандарттарды жана ченемдерди киргизүү жаатында ишти күчөтүү;

— азык-түлүк рыногундагы кризистин шарттарында жашоо үчүн маанилүү болгон тамак-аш продукттары менен калкты камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын чара көрүү механизмдерин жакшыртуу;

— азык-түлүк коопсуздугу боюнча улуттук жана эл аралык талаптардын шайкештигин камсыз кылуу;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун катышуусу менен үч жылдын ичинде зайым алуучулардын санын эки эсе көбөйтүү, алынган насыялар боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү, узак мөөнөттө кайтарылуучу насыялык каражаттарды тартуу жана жайгаштыруу аркылуу фермерлердин насыялык каражаттарды алуусунун жеткиликтүүлүгүн көтөрүү, кластердик ыкманын негизинде айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталсын.

Колхоз-совхоздорду таратып жерди бөлүштүрүүдө мүчүлүштүктөр болду беле? СССР тарап, Кыргызстан өз алдынча күн көрө баштаганда колхоз –совхоздор мамлекеттик карамагында эле. Мурун союздук дотацияда турган колхоз–совхоздор мамлекеттин бюджети үчүн оор салмак туудурган. Ошондуктан, колхоз –совхоздорду мамлекеттик бюджеттен чыгаруу үчүн ошол кездеги бийлик тарабынан ар кандай аракеттер башталган. Ооба, колхоз–совхоздор мамлекеттик бюджеттен чыгышты, бирок кайрадан кооперативдерге бириге албай калышты. Жерди бөлүүдө эң башкы катачылык ушул.

Кооперативдерди сактоо максатында жерди, техника, короо–жайларды, малды ортого кармап, бирок аларды дыйкандарга бир топ жылга арендага берип, ушул белгиленген чек болгон соң, кооперативдик менчикке айлантуу жолу да бар эле. Арендага алгандар ошол кездеги алгандарынын чыгымдарын толугу менен өздөрү көтөрүшүп, ошол жерден алган азык–түлүктөрүн рынок экономикасынын наркына ылайык сатышып, кирешесинин ондон бир бөлүгүн ошол айылдагы тейлөө кызматтарына, багаар көрөрү жокторго төлөшүп, калган пайдасынын барын өздөрүно жумшаса болмок. Мурунку колхоз –совхоздордорду жетектеген дыйкандардын эсебинен айлык алышкан колхоз–совхоздордун активдерин кыскартып, алар арендага алгандар менен келишим түзүп, ошолордун эсебинен айлык алышса деле болмок. Эгерде кооператив уюштурууга багытталган ушул жолго түшө турган болушса, арендага жерди алгандар толук жоопкерчиликте эсеп-кысап менен оокат кылышып, киреше-чыгашанын булактарын, чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөнүп кетишмек. Айыл-ападагы колунда жоктор, же чарбачылык иштерин жүргүзө албагандар өзүнө тиешелүү жерлерин сатып, жалдырап отуруп калышпай, кооператив аркылуу жардамдарды алып турмак. Эгерде кооперативдик жолду тандаганда жүрүп отуруп кыргыз элинин көпчүлүгүн түзгөн айыл чарба тармагында эл бай, кедей болуп эки жаатка бөлүнбөй, мамлекетти карап багар – көрөрлөрү жоктор оозун ачпай айыл чарба тармакта жашагандар тегиз өсмөк.

Албетте, колхоз–совхоздордорду мурункудай мамлекеттик бюджеттин аркасы менен каржылоо, мамлекетти карызга белчесинен батырмак. Ошондуктан, колхоз–совхоздордор тарап, өндүрүш каражаттарынын бары, жер, мал, техника, короо-сарай үлүштөр жалпы эле тарап кетти. Мындайда эсебин тапкандар жакшыраак үлүштөргө ээ болуп, көпчүлүк, анын ичинде багар-көрөрү жоктор айласы жок өз үлүштөрүн сатышып, тилемчинин кейпине келип калышты. Жер бытыранды болуп, майда үлүштөргө бөлүнүп, которуштуруп айдоо колдон чыгып, тейлөө кызматтары ар кимдин колунда калып, арык-каналдар кароосуз калды. Азыр айыл эли эки катмарга бөлүнүп калып, колунда эч нерсеси жок кийинки муундун жаштары эки бийлик алмаштырууда кыймылдаткыч күч болуп беришти.

Бул да айыл чарбасында болгон реформа, мамлекетке оң натыйжа бергени менен, кооперативдерге бириге алышпай аксап турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости