www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

57 млн долларлык согуш

Белгилүү поп-ырчы Бритни Спирс 57,4 млн долларлык байлыгынын атасы тарабынан башкарылышын каалабайт. Мындан улам укуктук согуш жарыялаган поп жылдызды күйөрмандары “Эркин болууга” чакырышууда. Ал эми атасы буга караманча каршы.

АКШнын белгилүү поп-ырчы, актрисасы Бритни Спирстин 57,4 млн долларлык байлыгын ырчынын психологиялык көйгөйлөрүнө байланыштуу 12 жылдан бери атасы Джейми Спирс башкарат. Өткөн жылы атасы ооруп калып, башкаруу анын мыйзамдуу коргоочусу Джоди Монтгомериге өткөн. Бритни Спирс өткөн айда сотко кайрылып, Монтгомеринин башкарууну улантуусун каалап, атасынын кайтуусуна каршы чыкты.

Ал эми Джейми Спирс башкарууну улантууну каалайт. Мындан улам ата жана кыз ортосунда укуктук күрөш башталды. 38 жаштагы ырчынын жактоочусу берген файлда: “Бритни Спирс байлыгынын атасы тарабынан жүргүзүлүшүн таптакыр каалабайт. Байлыктын мыйзамдуу негизде сакталышы үчүн уюмдук башкарууну талап кылат” деп билдирди. Байлыктын Bessemer Trust Company тарабынан башкарылуусун каалаган ырчыны күйөрмандары “Эркин болууга” чакырышты. Айрыкча, Cher, Miley Cyrus сыяктуу бир катар белгилүү ырчылар жана Американын жарандык эркиндиктер уюму дагы Бритниге колдоо көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости