“Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү, компанияларды жана башка бир катар адистерди жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg