www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат.
Тактап айтканда, тиешелүү коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын 575 млн. сому которулду.
УКМК коррупциялык кылмыштарды жасоо менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда жана бул тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берилип турат.
Булак: NazarNews.kg